27-апрелде Бишкекте жана Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында кезектеги беттештер өткөрүлөт. Бул тууралуу КРнын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Оюндар өтүүчү жайлар, сааттары жана атаандаштар төмөнкүчө:
Бишкек. “Дордой” спорт-комплекси. 17:00
“Дордой” (Бишкек) – “Нефтичи” (Кочкор-Ата)
Кант. “Центральный” стадиону. 17:00
“Абдыш-Ата” (Кант) - “Алдиер” (Куршаб)
Бишкек. Футбол борбору. 17:00
“Алга” (Бишкек) - “Алай” (Ош)
Кошумчалай кетсек, учурда Бишкектик “Алга” 6 оюнда топтогон 15 упай менен мелдеш жадыбалынын алдынкы сабында келүүдө. Кийинки орундарды тогуздан упай топтогон “Дордой”, “Абдыш-Ата” жана “Алдиер” клубдары өз ара бөлүшүп келүүдө.