Бүгүн, 25-апрелде Ош шаарында Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде ордо оюну боюнча Эл аралык “Алтын томпой” Кубогуна арналган мелдештин ачылыш аземи болуп өттү. Мелдешке республиканын бардык аймагынан 8 командадан турган мыкты оюнчулар катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, мелдештин максаты спорттун улуттук оюндарынын туу чокусу болгон ордо оюнун коңшу мамлекеттер арасында жайылтуу жана өркүндөтүү, ордо оюнунун маданиятын эл аралык деңгээлге чейин көтөрүү болуп эсептелет. Расмий ачылыш аземде Ош шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Алмазбек Осмонов келип: “Өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан бери биздин маданий мурастарыбыз жаңыланууда. Ош шаарында алгачкы жолу өтүп жаткан бул иш-чара баарыбызды кубандырып, улуттук ар-намысыбызды бийик көтөрүп, жүрөгүбүздө болгон патриоттук духту чыңдап жатат”,- деп белгилеп өттү.
Мелдешти КРнын Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору жана Ордо оюну боюнча федерация уюштурууда.