Кечээ, 25-апрелде АКШнын Пенсивальния штатында кыргызстандык мушкер Тимур Шайлезов профессионалдык рингде экинчи беттешин өткөрүп, америкалык Мигель Картагенанын үстүнөн жеңишке жетишти. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” Эл аралык бирикмесинин негиздөөчүсү Айбек Хакимов билдирди.
Анын айтымында, беттеш 53 килограмм салмактык бөлүктө өтүп, 6 раундга созулду. Жыйынтыгында калыстардын чечими менен упайлардын негизинде Тимур жеңип алды. Бул Мигель Картагенанын профессионалдык рингдеги 13-беттеши жана алгачкы жеңилүүсү болгонун кошумчалайт Айбек Хакимов.