Кечээ, 25-апрелде Казакстандын Астана шаарында күрөштүн 3 түрү (эркин күрөш, грек-рим күрөшү, кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш) боюнча өтүп жаткан Азия чемпиондугунда кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, 60 килограмм салмакта күрөшкө чыккан Айсулуу Тыныбекова финалда кытайлык Лан Цангга утулуп, күмүш медаль тагынды. Финалга чейин ал Тайвандан келген Ти Вин Нгуэнди, жарым финалда япониялык Харуко Сатону жер караткан.
Кошумчалай кетсек, "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча “Супер спортчу-2013” наамынын ээси Айсулуу Тыныбекова 2013-жылы Азия чемпиондугунда 3-орунду багындырган.