Картинг спорту боюнча Кыргызстандын Ачык чемпиондугунда Шумахерди кумир туткан Улукбек Байзаков жеңүүчү аталды (фоторепортаж)

Бүгүн, 27-апрелде Токмок шаарынын аскердик аэродромунда Кыргызстандын картинг спорту боюнча Ачык чемпиондугу болуп өттү. Ага Кыргызстандын жана коңшу Казакстан мамлекетинин Алматы жана Караганда шаарларынан келген командалар катышты. Эки күнгө созулган мелдештин жыйынтыгы бүгүн чыгарылды. Биринчи күнү спортчулар трасса менен таанышышса, экинчи күнү биринчилик үчүн ат салышышты.

Мелдештеги Улукбек Байзаков аттуу кыргыз спортчусун өзгөчө бөлүп карай кетсек болот. Быйыл 11 жашка толгон Улукбек аталган мелдеште 2 категорияда чемпиондукту талашты. "Мини" классындагы категорияда жөнөкөй мини моторлуу, стандарттык 0.60 көлөмдүү унаа менен супер мини моторлуу унаалардын арасында жүрүп 1-орунду камсыз кылды. 

Ал эми "Пионер Ракет" классындагы категорияда 0.50 көлөмдүү унаасы менен 0.80 көлөмдүү унаалардын арасында жарышып, бир айлампасында унаасы бузулуп калганына байланыштуу катышкан жок. Бирок катышкан 2 айлампасынын жыйынтыгы менен 2-орунду илип кетти. Айта кетчү жагдай, катышкан 2 айлампанын биринде Улукбектин унаасынын бир дөңгөлөгү жарылып калса да, алдынкы болуп келди.

“Башкалар түз жерден менден ашышат. Себеби менин унаамдын моторунун көлөмү алардыкынан алда канча азыраак. Бирок бурулуштарга келгенде мен алардан ылдамыраак өтүп кетем. Көп учурда бурулуштардан ашам”,- деди Улукбек Байзаков ийгилигинин сыры менен бөлүшүп. 

"Картингден, буюрса, "Формула-1ге" өтөм. Менин кумирим - Шумахер",- деп кошумчалай кетти чемпион.

Белгилей кетчү жагдай, Улукбек картинг боюнча Азиянын чемпиону. Бул спортчубузга казак туугандардан байма-бай сунуштар түшүп жаткандыгы айтылууда.

Мелдештин жыйынтыгында бардык категорияларда 1-орунга жалаң кыргыз спортчулары илингени белгилүү болду. Алар:

"Мини" классындагы категорияда - Улукбек Байзаков

"Интер А Юниор" классындагы категорияда - Герман Клевцов 

"Пионер Ракет" классындагы категорияда - Кирилл Гаврилов 

"КZ 2" классындагы категорияда - Олег Калугин 

"Картингден "Формула-1ге" өтөм" дейт Улукбек Байзаков
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
konfetka_dia
2014-04-27 22:08:16
Азаматсын! Кырыздын намысын коргоп,атагын алыска чыгарган,желегин бийик желбиреткен уул-кыздарыбызга данк!!! Ар дайым ийгиликтин гана устундо журолу
+1
batyrhan91
2014-04-27 23:37:51
красавчик
0
Kara_kyrgyz
2014-04-29 09:10:18
молодец! бала келечекте Шумахерден да отосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан