Сумо боюнча Кыргызстандын алгачкы чемпиондору аныкталды (фоторепортаж)

Бүгүн, 27-апрелде Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда монголиялык профессионал сумочулар Корю Тадахару жана Моконами Сакаэнин катышуусунда иш-чара болуп өттү. Кыргызстан, Япония жана Монголиянын мамлекеттик гимндери менен ачылган саамалык алкагында профессионал сумочулар алгач кыргыз жаштарын өз өнөрлөрү менен тааныштырышты.

Андан соң жаш спортчулар арасында сумо боюнча чакан мелдеш уюштурулду. Расмий түрдө биринчи жолу өтүп жаткан биринчиликтин жыйынтыгында сумо боюнча Кыргызстандын туңгуч чемпиондору аныкталды.

Кошумчалай кетсек, иш-чараны Япониянын Кыргызстандагы элчилиги, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана КРнын Сумо ассоциациясы биргеликте уюштурушту. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Dadasdasd
2014-04-28 08:37:15
Памперстен башка форма жок бекен.
0
asiret
2014-04-28 09:21:01
Dadasdasd, сумонун формасы ушундай да
0
AshatMJ89
2014-04-28 10:35:09
Буларга караганда биздин депутаттардын курсагы чон го))
+1
sambo
2014-04-28 10:59:22
Жапониядан келген Сумочулар менен Ташчайнарды күрөштүрүп койушса болмок экен.
+1
edico22
2014-04-28 11:27:55
Чын эле депутаттар учун спорт окшойт сумо деген!Казылары жер чийип саландап калды, эми пайдалуу мыйзам кабыл албаса дагы элдин конулун которуп сумо курошуно катышып турушса жакшы болмок!
0
Kara_kyrgyz
2014-04-29 09:20:44
боорду эзесинер да ((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан