Кечээ, 27-апрелде Бишкекте жана Кант шаарында футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугу - ТОП-Лиганын алкагында кезектеги беттештер болду. Бул тууралуу КРнын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Бишкекте “Алга”-“Алай”, “Дордой”-“Нефтичи” беттештери орун алса, Кантта “Абдыш-Ата” куршабдык “Алдиерди” кабыл алды. Бардык беттештер үй ээлеринин жеңиштери менен жыйынтыкталды.
“Алга” (Бишкек) - “Алай” (Ош) – 1:0
“Дордой” (Бишкек) - “Нефтичи” (Кочкор-Ата) 6:0
“Абдыш-Ата” (Кант) - “Алдиер” (Куршаб) 6:0