Ошто ордо боюнча өткөн “Алтын томпой” мелдешин Бишкек шаарынын командасы утуп алды

Кечээ, 27-апрелде Ош шаарында Муса Адышев атындагы Ош технологиялык университетинде ордо оюну боюнча Эл аралык “Алтын томпой” Кубогуна арналган мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке Ош, Нарын, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын жана Ош, Бишкек шаарларынын командалары катышты. 1-орунду Бишкек шаарынын командасы ээлесе, 2-орун ээси Ош шаарынын командасы болду. Байгелүү алдынкы 3 орундун бирин Ош облусунун командасы ээледи.

КРнын Улуттук оюндарды өнүктүрүү борбору жана Ордо оюну боюнча федерациясы уюштурган мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан