“Аякс” футболдук клубу кечээ, 27-апрелде Голландиянын чемпиондугунун 33-турунда “Хераклес” клубу менен конокто 1:1 эсебинде тең ойноп, өз тарыхында 33-ирет Голландиянын чемпиондугун утуп алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, биринчиликтин жыйынтыкталарына 1 тур калганда “Аякс” менен 2-орунда келе жаткан “Фейеноорд” клубунун ортосундагы упай айырмачылыгы 4 упайды түздү. 33-тур Голландия чемпиондугунда кийинки эки байгелүү орундун ээсин да аныктап берди. 2-орунду “Фейеноорд” камсыздаса, 3-орунду 34-турдун жыйынтыгына карабай “Твенте” клубу ээлейт.