УЕФАнын Чемпиондор Лигасы: Бүгүн “Бавария” менен “Реал” финалдык жолдомонун ээсин аныкташат

Бүгүн, 29-апрелде Германиянын Мюнхен шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюнунда “Бавария” мадриддик “Реалды” кабыл алат. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, беттешке Бишкек сааты боюнча саат 00:45те старт берилет.

Кошумчалай кетсек, бул эки клубдун ортосундагы алгачкы оюн 23-апрелде орун алып, мадриддик “Реал” 1:0 эсебинде жеңишке жетишкен. Мадриддиктерге жеңиш алып келген жалгыз голду Карим Бензема киргизген.

Хосеп Гвардиола, “Бавариянын” башкы машыктыруучусу: “Мадриддик “Реалдын” каршы чабуулдары мыкты жана футболчулар көп чуркашат. Биз топту жоготкон маалда бош аянттарды жаап, коргонууга мыктап отурушубуз керек. “Реал” алгачкы оюнда алган артыкчылыкты кармап калгысы келет. Биз конокто гол киргизе алган жокпуз, демек, бул жолу көбүрөөк чабуул уюштурушубуз керек. “Баварияны” финалда футболчулар да, мен дагы, күйөрмандар дагы көргүсү келет. Бул биздин колубуздан келет”.

Карло Анчелотти, “Реалдын” башкы машыктыруучусу: “Оюнда жеңиш кыйын болорун сезип турабыз. Бизде жогорку класстагы футболчулар чогулган. Испаниянын Лигасында УЕФАнын Чемпиондор Лигасында эң көп гол киргизген “Реалдын” бул ийгилиги дагы да улануусун каалайбыз. Демек, финалга чыгышыбыз керек”. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
jigitaly
2014-04-29 10:57:45
REAL chempion
+3
ulan_rysbaev
2014-04-29 11:09:12
Реал финалда коргубуз келет! Чамдагыла.
+3
mirbakg
2014-04-29 11:09:20
Бугун Роналдо ыйлайт го !!!
-3
Topcubai
2014-04-29 12:07:35
mirbakg, туура айтасын.Анчелотти моонотунон мурда кызматынан кетпесе болду
-1
KUMU89
2014-04-29 14:19:20
Topcubai, Козунор ачык эмеспи,? Топ тоголок. Кимге болсода бугун ийгилик жылмааяры анык. Реал алга. Силер женишке татыктуусунар.
+3
Topcubai
2014-04-29 12:08:20
бавария чемпион болот буйруса
-1
nurando
2014-04-29 12:10:32
Роналдоо алгааааа, реал
+3
boztalaa
2014-04-29 12:50:16
Nemisterdi utush k.k
+1
Gulirka
2014-04-29 13:15:51
Реал =)
+3
inoplanetyanin
2014-04-29 13:40:10
Бавария!!!!!!!!!!!
-4
Danel
2014-04-29 14:05:55
Кудай колдосун Реалды,ушул оюнду кутуп жургон элем,бугун эрте менен турдум атайын ушул Реал утсун деп,Роналдо эки колду тыкса экен!!
+5
boztalaa
2014-04-30 02:56:31
Danel, сен айткандай тыгып алдыго чиркин
0
JrDosSantos
2014-04-29 14:22:28
Реал женет да албетте, баварияга эмне бар финалда.
+4
Nur_ma_90
2014-04-29 15:34:31
Реал алгааа!!! Финалда Челсини кутуп ал!
+1
artur007
2014-04-29 15:46:47
реал ийгилик сага
+1
artur_kgboy
2014-04-29 15:47:02
Bavariya alga
-2
algajawoo
2014-04-29 20:43:03
Бавария только вперед и зажигай
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан