Канатбек Бегалиев, машыктыруучу: “Бул жеңишти биз күтүп келгенбиз”

Бүгүн, 29-апрелде өткөн маалымат жыйынынын алкагында грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Канатбек Бегалиев бул жеңиш команда үчүн күтүүсүз эмес экенин билдирди.

“Курама команданын мурунку машыктыруучусу Эмил Алыкулов машыгуу системин жана башкаларды жолго коюп кеткен. Андыктан бул жеңиш биз үчүн күтүүсүз болгон жок жана биз үчүн бул чек эмес. Азия оюндары жана ири эл аралык мелдештер Олимпиаданын тепкичи болуп эсептелет”,- деди Канатбек мырза.

Андан тышкары ал каражат маселесине нааразычылыгын жашырган жок. “Иранда күрөш түрлөрүнө жылына 25 миллион доллар коротушат экен. Биз каражатты кыйынчылык менен таап, командалык эсепте Иранды артка калтырдык (Кыргызстан командалык эсепте 2-орунду ээледи). Мамлекет спортко көңүл буруп, колдоп койсо, жакшы жыйынтыктар боло бермек”,- деп кошумчалады курама команданын башкы машыктыруучусу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-Oligarh
2014-04-29 13:09:49
Азаматсынар балбандар!!! Канат байкеге да рахмат ар дайым бар болгула.
0
kama_future_millioner
2014-04-29 14:46:07
Буйруса бары жакшы болот. Кыргызстан алга
0
mikeno
2014-04-29 19:08:38
Алгааа Кыргыз Эли Алгааа!!! Башка жагынан болбосо да, спорт жагынан жакшы жетишкендиктер болуп жатат. Азияны гана эмес Дуйнону, Олимпиаданы багындырышынарга ишенем. Ийгилик.
0
bayana1987
2014-04-30 09:58:02
Бирок бул байкуштарга конул буруп койгон бироо барбы, окмоттун огой балдарындай эле качан болсун кыйналып каралбай кала берет..Ийгилик тилегенден башка айла жок...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан