Айсулуу Тыныбекова, балбан: “Мен Азия чемпиондугуна даяр эмес болчумун”

Бүгүн, 29-апрелде өткөн маалымат жыйынынын алкагында кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Айсулуу Тыныбекова финалда утулуп, күмүш тагынып калганына даярдыктын жетишсиздиги себеп болгонун айтты. Кошумчалай кетсек, ал 59 килограмм салмакта финалга чыгып, кытайлык спортчуну 11:3 эсебинде утуп жатып, акыркы секунддарда жеңишти колунан чыгарып жиберген.   

“Азия чемпиондугуна чейин ден соолугума байланыштуу 2 ай тыныгуу алгам. Мелдешке 15 күн калганда калыпка келе албай калдым. 11:3 эсеби катталып жаткан финалдык беттештин жыйынтыкталарына 40 секунд калганда жеңишти колдон чыгарып жибердим. Бул катадан сабак чыгарып, буюрса, кийинки мелдештерде ийгиликке жетишем”,- дейт спортчу.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
aikol87
2014-04-29 13:28:50
Кийинкисинде биринчиликти аласын деген умуттомун. Куттуктайм кумуш медаль алуу деле бир канча мээнетти талап кылат.
+7
Sarabanda
2014-04-29 13:45:42
Кичине кызга окшоп кашы гозуну боёп алсан болмок...
-16
KUMU89
2014-04-29 14:16:20
Sarabanda, Боенгонду суйбосо керек!
0
Dadasdasd
2014-04-29 14:21:39
Sarabanda, Ал эмне мисс 2014 катышып келди дейсинби? Ал үчүн 2 саат күзгү карангандан 100 метр чуркаган артык. Бойонгон сулуулар эле алтын алып келдиби же.
+8
suyom_seni
2014-04-29 14:12:17
Азаматсыз!Куттуктайбыз!Дагы чоон чоон ийгиликтерге жетиниз!)
+3
zuura15
2014-04-29 14:14:29
Кут болсун!!!! Аззззааааматсын Айсулуу!!!
+4
kama_future_millioner
2014-04-29 14:40:05
Ушул жетишкенин да чоон ийгилик. Кийинкисинде биринчиги аласын кудай буйруса
+4
maks83
2014-04-29 19:15:16
азаматсын оркунун оссун
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан