Чүй облусунда мал уурулукка шектелип 44 жаштагы жаран кармалды

Чүй облусунун Беш-Күнгөй айылынын 44 жаштагы тургуну мал уурулукка шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 29-апрелде маалымдады.

Белгилүү болгондой, 44 жаштагы жаран "Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынан жергиликтүү тургундун мал сарайынан жылкысын жана Кара-Жыгач айылынын 25 жаштагы тургунунун коюн уурдаган" деп шектелүүдө. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан аталган жарандын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу да иликтенүүдө. Учурда кылмышка шектүү тергөө абагына жеткирилип, иликтөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан