Кечээ, 29-апрель түнү Германиянын Мюнхен шаарында УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюну болуп өттү. Анда “Бавария” өз үйүндө мадриддик “Реалга” 0:4 эсебинде утулуп, финалдык жолдомодон куру калды.
Оюн 1-мүнөттөн тарта курч мүнөздө башталып, “Бавария” топту көзөмөлгө алуу аракетин көрө баштады. Ал эми “Реалдын” оюнчулары иштиктүү каршы чабуулдарды уюштуруу менен алек болушту. Стандарттык абалдан Серхио Рамостун 2 голу оюндун жүрүшүн өзгөртүп койду. Бул голдор мадриддиктердин майданда дагы да ишенимдүү сезүүсүн шарттады.
“Бавария” (Германия)-“Реал” (Испания) – 0:4
Голдор: Серхио Рамос (16-мүнөт), Серхио Рамос (20-мүнөт), Криштиану Роналду (34-мүнөт), Криштиану Роналду (89-мүнөт).