Кечээ, 29-апрелде Бишкекте бильярддын кураштырма пирамида түрү боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу уюштуруучулардын бири Ильяз Адамов бүгүн, 30-апрелде SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, мелдеш 18 жана 14 жашка чейинки спортчулар арасында 2 категорияда өткөрүлдү. Бул мелдеш быйыл августта Ысык-Көлдө бильярд боюнча өтүүчү 18 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугуна оюнчуларды тандоо максатында уюштурулду.
18 жашка чейинкилер арасындагы биринчиликке 32 кий чебери катышты. Жыйынтыгында финалга Ызат Раатбеков менен Дастан Лепшаков чыккан. Оюн 5:0 эсебинде аяктап, Ызат жеңүүчү аталды.
“14 жашка чейинкилер арасында Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылынын №22-Дыйкан орто мектебинен келген Алибаев Абдыжапар жеңүүчү аталды. Аталган мектептин директору Токон Султанов Абдыжапарды каражат жагынан колдоп, ишенип жиберген. Финалда ал 4:1 эсебинде жеңишке жетишти”,- дейт Ильяз мырза.