Мадриддик “Реалдын” чабуулчусу Криштиану Роналду кечээ, 29-апрелде мюнхендик “Бавариянын” дарбазасына 2 гол киргизип, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында бир сезондо киргизген голдордун саны боюнча жаңы рекорд койду. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, Криштиану Роналду 2013-2014-жылкы сезондо 10 оюнда 16 гол киргизди. Бул көрсөткүч менен ал 2012-жылы 14 гол киргизген “Барселонанын” чабуулчусу Лионель Мессинин рекордунан ашып өттү. Лиганын тарыхында 1963-жылы да 14 гол катталып, “Миландын” оюнчусу Жозе Альтафини рекорд койгон.
Кошумчалай кетсек, Криштиану Роналду “Реалдын” курамында УЕФАнын Чемпиондор Лигасында 50 оюн өткөрүп, 51 гол жараткан.
Криштиану Роналду жетектеп келе жаткан бомбардирлердин тизмеси:
16 гол – Криштиану Роналду (“Реал”)
10 гол – Златан Ибрагимович (ПСЖ)
8 гол – Лионель Месси (“Барселона”)
7 гол – Диего Коста (“Атлетико”).
6 гол – Серхио Агуэро (“Манчестер Сити”), Роберт Левандовски (“Боруссия” Д).