Ош шаарында оор атлетика боюнча Кыргызстандын чемпиондугу жыйынтыкталды

28-29-апрель күндөрү Ош шаарынын тарыхында алгач ирет оор атлетика боюнча мелдеш өткөрүлүп, салмактык категория боюнча өлкөнүн бардык аймактарынан балбандар келип катышты. Бул тууралуу бүгүн, 30-апрелде мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Мелдешке жалпысынан 120 спортчу катышып, алардын 12си Ош шаарынан болду. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаарынан келген 15 жаштагы Равшан Чолпонбек кызы, 2-орунду Ош шаарынан 19 жаштагы Зухра Курманбаева, 3-орунду Ош шаарынан 21 жаштагы Надырбек Аттокуров багындырды. 

Алар баалуу белектер, диплом жана грамота менен сыйланышты. Иш-чараны Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттиги, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети жана Оор атлетика федерациясы уюштурган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан