Ош шаарында “Булгаары топ-2014” футболдук мелдеши өтүп жатат

Ош шаарында мектеп окуучуларынын арасында «Булгаары топ-2014» аталышындагы футболдук мелдеш уланууда. Бүгүн, 30-апрелде №7-Нариман мектебинде окуучулар арасында кызуу мелдеш жараткан бул оюн 3 башка курактагы категорияга бөлүнүп, 9 жаштан 14 жашка чейинки курактагылар беттешишти. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага вице-мэр Ильичбек Эргешов жана шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов катышты. Мелдештин жүрүшүндө сөз сүйлөгөн Ош шаарынын вице-мэри И.Эргешовдун айтымында, Ош шаарында акыркы убактарда спорт тармагына көп көңүл бурулуп, балдарды дени сак жашоого үндөө жогорку деңгээлде жүрүп жатат. "Достукту бекемдөө максатында өткөрүлгөн бул мелдешке ар улуттун өкүлдөрү тартылган. Жакынкы эле арада Ош шаарында спорттун 8 түрү боюнча эл аралык деңгээлдеги чемпиондуктар өткөрүлдү. Бул биз үчүн сыймык. Келечекте өлкөнүн атын чыгарган чыгаан спортчулар чыгат деп ишенебиз",- деди өз сөзүндө. 

Мелдештин жыйынтыгында мектеп аралык жарым финалга чыккан 4 команда борбордук стадиондо беттешет. Жеңүүчүлөр республикалык чоң мелдешке катышууга жолдомо алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
muslim7
2014-04-30 22:10:01
Мен окуган мектеп!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан