Кечээ, 30-апрелде УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын жарым финалынын жооптук оюнунда мадриддик “Атлетико” конокто лондондук “Челсини” 1:3 эсебинде утуп алды. Натыйжада “Атлетико” финалга чыккан экинчи команда болду.
“Челси” (Англия) – Атлетико (Испания) – 1:3
Голдор: Фернандо Торрес (36-мүнөттө), Адриан (44-мүнөттө), Диего Коста (60-мүнөттө), Арда Туран (72-мүнөттө).
Кошумчалай кетсек, УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалына чыккан алгачкы команда мадриддик “Реал” болгон. Мадрид шаарынын клубдарынын ортосундагы финалдык беттеш 24-майда Португалиянын Лиссабон шаарында өтөт.