Кечээ, 30-апрелде Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги - ТОП-Лиганын 7-тур оюндарынын алкагында 3 беттеш орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, бул турдагы оюндардын башкы окуясы бишкектик “Дордойдун” өз үйүндө өткөн жылдын чемпиону, Ош шаарынын “Алай” футболдук клубуна утулуп калганы болду. Бул “Дордойдун” сезондогу алгачкы жеңилүүсү.
Оюндар жана жыйынтыктары:
Бишкек. “Дордой” спорт-комплекси
“Дордой”-“Алай” – 1:2
Бишкек. Футбол борбору
“Ала-Тоо”-“Алдиер” – 2:2
Бишкек. Футбол борбору
“Манас”-“Нефтичи” – 0:1