Кыргызстандык мушкер Мирбек Шеров Казакстанда өтүп жаткан эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу бокс сүйүүчүлөрүнүн федерациясынын (AIBA) расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Атырау шаарында өтүп жаткан эл аралык мелдеште Мирбек Шеров 56 килограмм салмакта рингге чыккан. Финалда ал казакстандык мушкер Айдар Имангалиев менен кез келип, упай айырмачылыгында утулуп калды.