Кара-Суу районунда болгон атышуудан жараат алган Жеңишбек Сайдиев каза тапты

Кара-Суу районунда болгон атышуудан жараат алган Жеңишбек Сайдиев каза тапты. Бул тууралуу ишеничтүү булактар SUPER.KG порталына кабарлады. 

Эске салсак, 30-апрелде Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылында атышуу болуп, анда Жеңишбек Сайдиев аттуу жаран оң колунан, көкүрөгүнөн жана арткы капталынан жараат алып, үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан Ош шаардык ооруканасына жеткирилген. Окуя болгон жерди кароо учурунда 16-калибрдеги Иж-58м үлгүсүндөгү кош ооз ок атуучу мылтык, 2 даана 16-калибрдеги мылтыктын атылган октору далил катары алынган. 

Жабырлануучуга 1-майда операция жасалган эле. Бирок ал алган жарааттарынан улам ооруканада көз жумган.

Айрым маалымат булактары маркум Жеңишбек Сайдиевди Оштун экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жээни деп жазып чыгышкан эле. Ал эми Ош ОИИБинин басма сөз кызматы "Биз иликтөө ишин жүргүзгөндө Жеңишбек Сайдиевдин апасы Мырзакматовдун айылынан экендиги аныкталды. Мындан улам ал экс-мэрге “тага” деп кайрылчу экен. Чындыгында, туугандыгы жок экен" деп маалымат беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
kama_future_millioner
2014-05-02 09:28:03
Жаткан жери жайлуу болсун
+5
peri...97
2014-05-02 09:54:13
Журогум журогум,сууук кабарды окуп эле журогум муздап кетти,кече эле абалы туруктуу жакшы деп атпады беле....мейли ажалда,жаннаттан жай берсин Аллахым....
+2
Stalker-007
2014-05-02 10:23:04
жаткан жери жайлуу болсун. бирок жон эле жургон кищини кантип эле атып салсын. бир балее бар да.
0
artur_kgboy
2014-05-02 10:34:41
jatkan jeri jailuu bolsun Jenyw eke ubagynda owtu karmab turgan baldardan bolchu japalaktyn baldary kuturup ketpese boldu emy atkan adamdy tapkyla dep
0
Made_in_Mama
2014-05-02 10:41:19
Элдер айтып эле жатышат гоо Мелистин тууганы деп... Мелис да бир твдан берген маегинде айтыптыр "туугандарыма, досторуума да кысым болуп жатат" деп... Жаткан жери жайлуу болсун. Угушума караганда бул киши кыйла эле качып аракет кылган экен ок атуу болгондо...
+3
Laimbek
2014-05-02 11:42:04
Бул да азыркы бийликтин жоругу экени белгилуу. Женишбек Сайдиев эч кандай М.Мырзакматовго туган эмес болгону менен Оштун патриот уулдарынын бири болчу. Мырзакматов м.н жакын мамиледе деп уккам.
+1
munarbek00
2014-05-02 12:16:58
аны олтуруп койуштуго болницада эле жакшы эле болчу
0
abaychik
2014-05-02 19:29:06
munarbek00, мен да ошентип ойлойм.
0
chinko
2014-05-02 14:34:13
Бул ишти бети ачылбай. Ачылсада бей куноо бироонун мойнуна коюшатта.
0
admin_portal
2014-05-02 14:44:29
zarbalik - 20 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарды жарнама кылууга тыюу салынат.
-2
papanstan
2014-05-02 15:58:47
Мелис Мырзакматов ту куноолу кылбай эле койгулачы жердеши болсо болгондур мелис элине куйгон адам
0
mikinookat
2014-05-02 16:20:23
менин ойумча бул нерсе бийликтин--Мелис Мырзахматовко кылган ишаарасы,эскертуусу,ЖОН ЖУР дегенсип...
+2
admin_superstan
2014-05-02 20:01:10
abaychik, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган!
3 күн БАН!
-2
buzeinep
2014-05-02 22:30:31
жаткан жери жайлуу болсун
0
Kypkyrgyzz
2014-05-03 10:38:56
Кличкасы Женго беле?!жайы жанаттан болсун!
-1
monchok
2014-05-06 17:19:32
Kypkyrgyzz, Женго эмес Женго деген башка!жон эле Жениш Жапалактык Жениш деп айтышат!
0
den.21
2014-05-08 01:11:03
оштун эле эмес кыргызстандын патриоту болчу! анын кол астында кыргызстандын желегин желбиретип, намысын коргоп жургон спортсмен жигиттер болгон. Жаткан жери жайлуу болсун,топурагы торкоо болсун. Эхх достор бул адамдын канчалык патриот экенин билбесенер керек эле. Кыскасы Жапалагымдын бир канаты сынды корунот. Аткан адамга наалат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан