“Ювентус” УЕФАнын Евролигасынын финалына чыга алган жок

14-майда Турин шаарында өтө турган УЕФАнын Евролигасынын финалына туриндик клуб “Ювентус” чыга алган жок. Кечээ, 1-майда жарым финалдын жооптук оюнунда ал өз үйүндө португалиялык “Бенфика” менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Алгачкы оюнда “Бенфиканын” утканы эске алынып, туриндиктер финалга чыга алышкан жок.  

Дагы бир финалдык жолдомонун ээси испаниялык “Севилья” болду. Севильялыктар жарым финалда 2 оюндун жыйынтыгында жалпы эсепте “Валенсияны” утуп алышты.   

Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгы:

“Валенсия” (Испания) – “Севилья” (Испания) – 3:1 (алгачкы оюн 0:2)

“Ювентус” (Италия) – “Бенфика” (Португалия) - 0:0 (алгачкы оюн 1:2) 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
adidilet
2014-05-02 11:10:48
видеосу жокбу?
0
admin_superstan
2014-05-02 13:40:14
adidilet, видеосу "Элдик видео" бөлүмүндө:
http://www.super.kg/media/uservideo/118329/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан