Бүгүн, 2-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мелдеш алкагында Орто Азия мамлекеттери Азербайжан курама командасына каршы турушат. Орто Азиянын атынан Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан курама командалары чыгат. 18:00дө баштала турган спорттук мелдеште түрдүү салмак категориялары боюнча 10дон ашык беттеш орун алары күтүлүүдө.