Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда канттык “Абдыш-Ата” оштук “Алай” футболдук клубун кабыл алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ТОП-Лиганын кезектеги туру 3-4-май күндөрү Бишкек жана Кант шаарларында орун алат. Анда акыркы турда бишкектик “Дордойду” утуп алган “Алай” канттык “Абдыш-Атага” каршы беттешет. Упайларынын саны боюнча лидерлик сапта келаткан бишкектик “Алга” кочкор-аталык “Нефтичини” кабыл алмакчы.
Оюндар тууралуу маалымат:
3-май. Бишкек. “Дордой” спорт-комплекси
“Дордой” (Бишкек) - “Алдиер”. Башталышы: 17:00
4-май. Кант. “Центральный” стадиону
“Абдыш-Ата” (Кант) – “Алай” (Ош). Башталышы: 17:00
4-май. Бишкек. Футбол борбору
“Алга” (Бишкек) – “Нефтичи” (Кочкор-Ата). Башталышы: 17:00