6-майда Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясы жана Ысмаил Матраимов атындагы кайрымдуулук фонду тарабынан Жоош айылдык аймагынын Большевик айылында волейбол боюнча турнир өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Кара-Суу администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, мелдеш эки күнгө созулуп, жалпы байге 300 миң сомду түзөт. Буга бардык каалоочулар катыша алышат. Айта кетсек, бул турнир жыл сайын өткөрүлүп келет.