Жалал-Абаддын спортчулары грек-рим күрөшү боюнча Талас шаарында өткөн мелдеште байгелүү орундарды ээлешти

30-апрелден 1-майга чейин Талас шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасында Олимпиадада Жалал-Абад шаарынын Р.Санатбаев атындагы Адистештирилген балдар жана жаш жеткинчектер олимпиадалык резерв мектебинин тарбиялануучулары байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Акунов Талгат 27 килограмм салмакта 1-орунду алса, 36 килограмм менен Сапарбек уулу Элмирбек 2-орунду алды. Ал эми 3-орунду 50 килограмм салмакта Бакиров Эрбол жана 76 килограмм салмакта Ашырбаев Уран жеңип кетти. Булардан сырткары аталган спорт мектебинин машыктыруучусу Амиракулов Алмазбек «Мелдештин эң мыкты калысы» деген диплом менен сыйланды.

Белгилей кетсек, аталган Олимпиада Дүйнө биринчилигинде күмүш медалдын ээси, КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери Канатбек Бегалиевдин байгесине арналып өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан