Бүгүн, 2-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кикбоксинг боюнча Гейдар Алиевдин жаркын элесине арналган эл аралык мелдеш болуп өттү. 3 саатка созулган мелдеш алкагында Азербайжан курама командасынын 13 кикбоксчусу Орто Азиянын атынан чыккан 4 мамлекеттин (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан) 13 спортчусуна каршы турушту.
Командалар аралык беттештин жыйынтыгында Орто Азия курама командасы жалпы эсепте жеңишке жетишти. Азербайжан курама командасынын 6 мушкери бул күнү жеңип чыкса, Орто Азия курама командасынан 7 кикбоксчу жеңиш кубанычын белгилешти.
Спорттук мелдештин жүрүшүндөгү экинчи беттеш көпчүлүктүн эсинде калды. 57 килограмм салмакта Кыргызстандын желеги астында рингге чыккан Авазбек Аманбеков атаандашын нокаутка учуратты. Жеңил салмактык бөлүктө нокаут өтө сейрек катталарын эске алсак, Авазбек бул беттешке жогорку даярдыкта чыгыптыр.