Вьетнамда өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун 3-тур оюндарынын алкагында Кыргызстан курама командасы Японияга каршы беттеш өткөрөт. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт. Беттеш 2 оюнда 3 упай топтогон Япония менен 2 оюнда 4 упай топтогон Кыргызстандын ортосунда чечүүчү мааниге ээ.
Кошумчалай кетсек, “D” тайпасында 3-майда орун алган 2-тур оюнунда Кыргызстан курама командасы Түштүк Кореяны 4:1 эсебинде утуп алган. Бул жеңиш Кыргызстандын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгүн арттырды.