Кыргызстандын футбол боюнча чемпиондугу - ТОП-Лиганын кезектеги турунда канттык “Абдыш-Ата” оштук “Алай” футболдук клубун кабыл алып, 3:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, ТОП-Лиганын кезектеги туру 3-4-май күндөрү Бишкек жана Кант шаарларында өттү. Упайларынын саны боюнча 8 оюнда 21 упай топтогон бишкектик “Алга” лидерлик сапта келүүдө.
Оюндар жана жыйынтыктар:
3-май. Бишкек. “Дордой” спорт-комплекси
“Дордой” (Бишкек) - “Алдиер” – 4:0
4-май. Кант. “Центральный” стадиону
“Абдыш-Ата” (Кант) - “Алай” (Ош) – 3:1
4-май. Бишкек. Футбол борбору
“Алга” (Бишкек) - “Нефтичи” (Кочкор-Ата) – 1:0