Америкалык мушкер, WBC версиясы боюнча Дүйнө чемпиону Флойд Мейвезер кечээ, 4-май түнү WBA версиясы боюнча Дүйнө чемпиону, аргентиналык Маркос Майдананы утуп, карьерасындагы 46-жеңишине жетишти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, Лас-Вегаста өткөн беттеште мушкерлер 12 раунд беттешишти. Жыйынтыгында 3 калыстын экөөсү жеңишти Мейвезерге ыйгарса (117:111, 116:112), бир калыс тең чыгуу катталганын билдирди (114:114).
Кошумчалай кетсек, 37 жаштагы америкалык мушкердин профессионалдык рингде жүргөнүнө 18 жыл болду.