Футзал боюнча Азия чемпиондугунда Кыргызстан курама командасы тайпасынан чыга алган жок

Вьетнамда өтүп жаткан футзал боюнча Азия чемпиондугунун финалдык баскычында Кыргызстан курама командасы кечээ, 5-майда Японияга утулуп, өз тайпасынан чыга алган жок. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, “D” тайпасында орун алган Кыргызстан курама командасы тайпалык баскычтын 3-турунда Японияга 4:0 эсебинде утулуп калды. 3 оюнда 4 упай топтогон Кыргызстан тайпада 3-орунду ээледи.

“D” тайпасынан чейрек финалга Япония менен катар Өзбекстан курама командасы чыкты. Япониянын карамагында 6 упай болсо, 1-турда Кыргызстан менен 2:2 эсебинде тең ойногон Өзбекстандын карамагында 7 упай бар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nursultan95
2014-05-06 09:31:48
Женилишин билет элем.Кыргызстанды колдойм десем ар дайым женилип калат.Качан онугот бул футбол
0
kama_future_millioner
2014-05-06 09:32:08
Окунучтуу
0
kg-zzzzz
2014-05-07 03:06:05
футзал спорттун жаны турубу или футболду ката жаздыныздарбы? урматтуу супер инфо
0
Максат Кудайбердиев
2014-05-07 13:26:03
Катачылык жок урматтуу kg-zzzzz. ФИФАнын желеги астында өткөн мелдештерде кичи-футбол "футзал" деген аталышты алып жүрөт. Бул футбол жана кичи-футболду сүйгөндөргө белгилүү...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан