“Ювентус” футболдук клубу Италиянын чемпиондугун утуп алды

Туриндик “Ювентус” футболдук клубу “А” сериясынын (Италиянын чемпиондугу) жыйынтыкталарына 2 тур калганда чемпиондук наамды камсыздады. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-майда “Ювентус” чемпиондуктун 36-турунда “Аталантаны” 1:0 эсебинде утуп алды. Бул сезондо туриндик клубдун башкы атаандашы болгон “Рома” конокто “Катанияга” 4:1 эсебинде утулуп, чемпиондук жарышты токтоткон. 36-тур оюндарынын жыйынтыгы менен бул командалардын ортосундагы упай айырмачылыгы 11ге жетти.  

Кошумчалай кетсек, “Ювентус” өз тарыхында 30-ирет чемпион аталды (2005-2006-жылдарда клубдун чемпиондук наамынан ажыратылганын эске албаганда). 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан