Бишкекте 10-майда IFBB версиясы боюнча (Эл аралык бодибилдинг жана фитнес федерациясы) жыл сайын өтүүчү бодибилдинг, фитнес жана фитнес-бикини боюнча Кыргызстандын ачык биринчилиги өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтө турган мелдешке Казакстандан да спортчулар чакырылган. Анда жаштар жана чоңдор өз категорияларында “Бодифитнес”, “Классикалык бодибилдинг” түрлөрү боюнча күч сынашышат.