Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын спорттук базасында 7-май күнү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар арасында стол үстүндөгү теннис боюнча мелдеш өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда КРнын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган мелдешке 14 жаштан 30 жашка чейинки 80ге чукул адам катышат. Иш-чаранын негизги максаты – бардык адамдардын укуктары бирдей экенин жайылтуу, коомчулуктун социалдык-маданий иштерге катышуусуна өбөлгө түзүү жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарга стимул берүү.