Премьер-министр Жоомарт Оторбаев футбол боюнча улуттук курама команданын өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ, 6-майда премьер-министр Жоомарт Оторбаев футбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына жолдомо алган Кыргызстан курама командасынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жолугушуу учурунда Жоомарт Оторбаев айрым себептерден улам өкмөттүн футболго тиешелүү деңгээлде көңүл бура албай жатканын моюнга алды. “Жеңүүгө болгон каалоонун күчү жана акырына чейин күрөшүү менен Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына чыга алышты. Бул баскычта алсыз команда болбойт. Демек, ар бир оюнда жеңишке умтулуу керек. Командага мен ийгилик каалайм”,- деди ал.

Кошумчалай кетсек, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычы 19-31-май аралыгында Мальдив аралдарында өтөт. 8 команда катыша турган бул мелдештин жеңүүчүсү 2015-жылы Австралияда өтүүчү Азия чемпиондугуна жолдомо алат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан