Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда Мицубиси унаасы Кичи Чүй каналына түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-майда билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 6-май күнү саат 23:40 чамасында болгон. Анда Архитекторлор көчөсү менен Кичи Чүй каналынын кесилишинде аталган унаа көпүрөдөн Кичи Чүй каналына түшүп кеткен. Жол кырсыгы болгон жерге куткаруучулар барышып, атайын шаймандардын жардамында автоунааны суудан чыгарып беришти.