Бишкекте Жеңиш күнүнө карата көк бөрү боюнча мелдеш өтүп жатат

Кечээ, 6-майда Бишкектеги “Аккула” ат майданында Улуу Жеңиштин 69 жылдыгына карата көк бөрү боюнча мелдеш башталды. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү борборунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдешке “Асылбаш”, “Бөрүлү”, “ГУВД”, “Достук”, “Талас” жана “Суусамыр” командалары катышууда. 6 команда үч-үчтөн 2 тайпага бөлүнгөн. Өз ара тайпалык оюндардын жыйынтыгында командалар финал ээлерин аныкташат. Финалдык беттеш 9-майга белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан