4-5-май күндөрү Оштун Жапалак айылында грек-рим күрөшү боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Жалал-Абад, Өзгөн, Кербен жана Кызыл-Кыядан, жалпысынан 150дөн ашык спортчу катышты.
Жыйынтыгында 1-орунду 11 окуучу багынтып, баарына кир жуугуч машиналар тартууланды. 2-3-орунду камсыз кылгандар баалуу белектер жана дипломдор менен сыйланышты.
Айта кетсек, мелдешти Москва шаарындагы «Жапалак» коомдук уюму уюштурду.