Кечээ, 7-майда орун алган футбол боюнча Кыргызстандын биринчилиги ТОП-Лиганын кезектеги турунда канттык “Абдыш-Ата” конокто бишкектик “Алга” менен 0:0 эсебинде тең ойноду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, бул тең чыгууга карабай “Алга” 9 оюнда топтогон 22 упайы менен лидерлик саптагы ордун сактап калды. Кийинки орунда келе жаткан “Дордой” менен “Абдыш-Ата” азырынча 7 гана оюн өткөрүштү.
Бул күнү бишкектик “Дордой” нарындык “Ала-Тоо” клубу менен ойноду. Оюн 4:0 эсебинде “дордойчулардын” ишенимдүү жеңиши менен аяктады.