ПСЖ футболдук клубу Франциянын чемпиондугун кайрадан утуп алды 

ПСЖ футболдук клубу мөөнөтүнөн мурун Франциянын чемпиону аталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-майда Франциянын футбол боюнча биринчилигинин (Лига 1) 36-тур оюндары орун алды. Анда ПСЖ өз үйүндө “Ренн” клубуна 1:2 эсебинде утулуп калды. Бирок бул жеңилүүгө карабай клуб топтогон 83 упайы менен чемпион аталды. 76 упай топтоп, 2-орунда келе жаткан “Монако” клубу 36-тур оюндарынын алкагында “Генгам” менен тең чыкты (1:1).

Париж шаарынын командасы ушуну менен өз тарыхында төртүнчү ирет өлкө чемпиону аталды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Topcubai
2014-05-08 11:02:30
куттуктайм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан