Токмок шаарында 50 жаштагы жаранды атып кетишти

Токмок шаарында 50 жаштагы жаранды атып кетишти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-майда билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 7-май күнү саат 23:00 чамасында Токмокто болгон. Анда белгисиз ок атуучу курал менен 1964-жылы туулган М.К. аттуу жаранды унаасынан атып кетишкен. Ал ошол жерден жан берген. Учурда бул факты боюнча “адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbol
2014-05-08 11:29:53
адам адамды айбандай эле атып жырткычтан айырмабыз калбай калды го...
+1
boss.alik
2014-05-09 01:22:39
Акыркы айларда кримналдык кагылуушулар Кыргызстанда коп болуп кетти. Жалпы коомчулукка билинбегени канча. Укук коргоо органдары качан керек болгондо кылмыш ишин ачышат. Ачкылары келбесе же кайсы бир таасирдуу группировканын мучолору экенин билип калышса криминалдык разборка деп кутулуп кетишет. Каза болгон адамды кайсы бир группировкага тиешелуу кылып чыгарат да ошону менен кылмыш иши тынчыйт.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан