Роналдиньо менен Кака футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышпайт

Бразилия курама командасынын башкы машыктыруучусу Луис Фелипе Сколари быйыл Бразилияда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышчу курамды бекитти. 23 кишиден турган курамга ФИФАнын версиясы боюнча түрдүү жылдары “Дүйнөнүн мыкты футболчусу” аталган Роналдиньо (2005-жылы) менен Кака (2007-жылы) кирген жок. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда ФИФАнын расмий сайты кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кака менен Роналдиньодон тышкары Дүйнө чемпиондугуна Европада ийгиликтүү сезон өткөргөн Коутиньо, Лукас Лейва (“Ливерпуль” футболдук клубунун оюнчулары), Робиньо (“Милан”) катышпайт. 

Курам төмөнкүчө:

Дарбазачылар: Жулио Сезар (“Торонто”, Канада), Жефферсон (“Ботафого”, Бразилия), Виктор (“Атлетико Минейро”, Бразилия)

Коргоочулар: Дани Алвес (“Барселона”, Испания), Майкон (“Рома”, Италия), Марсело (“Реал”, Испания), Максвелл, Тиаго Силва (экөө тең ПСЖ, Франция), Давид Луис ("Челси", Англия), Данте (“Бавария”), Энрике (“Наполи”, Италия). 

Жарым коргоочулар: Луис Густаво (“Вольфсбург”, Германия), Эрнанес (“Интер”, Италия), Паулиньо (“Тоттенхэм”, Англия), Рамирес, Оскар, Виллиан (баары “Челси”, Англия), Фернандиньо (“Манчестер Сити”, Англия).

Чабуулчулар: Неймар (“Барселона”, Испания), Халк (“Зенит”, Орусия), Фред (“Флуминенсе”, Бразилия), Жо (“Атлетико Минейро”, Бразилия), Бернард (“Шахтёр”, Украина).  

Кошумчалай кетсек, Бразилия курама командасы тайпалык баскычта Хорватия (12-июнь), Мексика (17-июнь) жана Камерун (23-июнь) курама командаларына каршы оюн өткөрөт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан