Футбол боюнча Кыргызстан курама командасы Кувейтке машыгуу сборуна учуп кетти

Бүгүн, 8-майда футбол боюнча Кыргызстан курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун алдында акыркы машыгуу сборун өткөрүү үчүн Кувейтке учуп кетти. Бул тууралуу КРнын Футбол федерациясынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, курама команда алгач Алматыга барып, анан Кувейтке учту. Машыгуу сборунун алкагында кыргызстандык футболчулар 2 жолдоштук оюн өткөрүшөт. 

Кошумчалай кетсек, АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычы 19-майда Мальдив аралдарында старт алат. Мелдеште 8 команда төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүнүп оюн көрсөтөт. Кыргызстан тайпалык баскычта Мальдив аралдарынын курама командасы жана Палестина, Мьянма курама командалары менен ойнойт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан