Кыргызстандык жаш мушкерлер Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 1 алтын, 3 коло медаль тагынышты

Кечээ, 7-майда Алматы шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Шаяхмет Гайнановдун жаркын элесине арналган бокс боюнча мектеп окуучулары арасында өткөн бешинчи эл аралык мелдеш жыйынтыкталды. Кыргызстандык мушкерлер мелдеште 4 медаль тагынып кайтышты. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан кабарлашты.   

Маалыматка ылайык, 1998-1999-жылдары төрөлгөн мушкерлер арасында өткөн мелдешке Кыргызстандын, Казакстандын, Орусиянын жана Өзбекстандын спортчулары катышты. Кыргызстандын эсебине жалгыз алтын медалды 75 килограмм салмакта Райымбек Садыров жаздыра алды. Ал эми Темирлан Канатбек уулу (50 кг), Абдулазиз Бакиров (52 кг) жана Эльдияр Койлубаев (80 кг) өз салмактарында 3-орунду ээлешти.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан