Өзгөн районунда кытай жарандары менен жергиликтүү тургундардын ортосунда массалык мушташ болду

Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында жергиликтүү тургундар менен кытайлык мигранттардын ортосунда чыр чыкканын Ош облустук ИИББ билдирди. Маалыматка ылайык, 8-январь күнү саат 19:30 чамасында Куршаб айылындагы “Астан-Ата” кафесинин жанынан өтүп бара жаткан Мураталы Сасыковду кытайлык "ТВЕА" компаниясынын 4 өкүлү телефон уурдады деген шек менен катуу сабап, аталган кафенин ичине камап салышкан. Башка дагы эки кытай жараны ошол эле айылдын тургуну Шайыргүл Жумабаеваны токмоктоп, аны да Сасыковдун жанына камашкан. Жабырлануучу Мураталы Сасыков атасына телефон чалууга үлгүрүп, окуя болгон жерге жетип келген атасын да кытай жарандары ур-токмокко алышкан. Окуя болгон жерге айылдын 100дөй тургуну чогулуп, натыйжада кытайлар менен жергиликтүү элдин ортосунда кагылышуу чыгып, 18 кытай жараны денесинен ар кандай жараат алышканы айтылууда. Барымтадагы эки кыргызстандык ооруканага жаткырылып, учурда бул иш боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Knt
2013-01-09 10:39:40
ai enen kaisy janylyktardy okuba kyrgyzdy sabap ketiptir,kyrgyzdy olturuptur, birok baary bir aiagynda kim kunooluu?kyrgyz kunoluu bolo kalat!
0
aryn
2013-01-09 10:43:14
Knt, сага кошулам бирок унчукпай кала беребизби
0
Aviator
2013-01-09 16:58:09
Ошол жердеги кытайлардын баарын олтуруп туруп озгондун сууна ыргытып салыш керек болчу. Эртен дагы ким чыгат дагы сабайбыз деп. Кыргыздар бош келбейличи. Башка жетимдерди энесин окутуш керек тийишсе.
0
omur2105
2013-01-10 04:26:39
Каап бул менин айылымда болуптурда, болгонумда ошол жерде корсотмокмун Кытайларга.
0
balshirin
2013-01-11 14:56:16
кытайлар да кобуп калыптар да э анда, кечээ эле сарты чыккан Ошто тополон кылып, анан бу кытайлар, Сох анклавындагы сарттар кыргыздарды барымтага алып, уруп соккондору. не булар, жопкерчиликке тартылбайбы. качан га чейин, оз уйубуздо озубуз тынч жашай албайбыз. ким буларга богот коет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан