4 өлкөнүн биринчилигинде ойногон Златан Ибрагимович карьерасында 9-ирет чемпион болду

ПСЖнын Франциянын чемпиондугун утуп алуусу менен клубдун чабуулчусу Златан Ибрагимович карьерасындагы чемпиондук наамдарынын санын 9га жеткирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Швеция курама командасынын чабуулчусу клубдук карьерасында 2 ирет Голландиянын чемпиону аталган (“Аякстын” курамында). Андан тышкары ал 4 ирет Италиянын "А" сериясын (“Интер”, “Милан”), 1 ирет Испания Лигасын (“Барселона”) жана 2 ирет Франциянын чемпиондугун (ПСЖ) уткан. Ибрагимович бул көрсөткүчү менен чемпиондук наамдарды түрдүү клубдардын курамында уткан оюнчулардын алдынкы тизмесинде турат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Topcubai
2014-05-08 18:39:31
азаматсын Ибра
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан