Улуу Жеңиш күнүнө карата уюшулган көк бөрү мелдешинин финалында “Бөрүлү” менен “Талас” командалары беттешет. Бул тууралуу Улуттук оюндарды өнүктүрүү боюнча борбордон кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 6 команда катышкан мелдеште өз тайпаларында жеңүүчү аталган бул командалардын ортосундагы финалдык беттеш бүгүн, 9-майда “Аккула” ат майданында өтөт. 2 тайпада топтогон упайлардын жыйынтыгында 2-орунду ээлеген “ГУВД” жана “Суусамыр” командалары 3-орун үчүн оюн өткөрүшөт.