Бүгүн, 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата кыргыз күрөшү боюнча Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон Самат Садыковдун жаркын элесине арналган мелдеш старт алды.
Уюштуруу тобунун өкүлдөрү SUPER.KG порталына билдиришкендей, мелдешке 298 балбан катышып баштаган. Тандоо турунун жыйынтыгында бүгүн, 9-майда финалдык беттештер орун алууда. Анда балбандар жеңил салмак категориясында (55 килограммдан 75 килограммга чейинки балбандар), орто салмакта (76-90 кг) жана оор салмакта (90 килограммдан жогорку салмакта) күч сынашышат. Жеңиш ээлери 100 000 сом акчалай сыйлыкка ээ болушат.
Кошумчалай кетсек, мелдешти КРнын Улуттук классикалык күрөш федерациясы Улуттук спорт түрлөрүн өнүктүрүү борбору менен биргеликте уюштуруп жатат. Демөөрчүлүктү Баткен облусунун Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтү колго алган.