Бокс боюнча Кыргызстан курама командасы Өзбекстандын Ташкент шаарында 12-18-май аралыгында өтүүчү эл аралык мелдешке катышат. Бул тууралуу аталган спорт түрү боюнча федерациядан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мелдеште кыргызстандык 10 мушкер 8 салмак категориясы боюнча рингге чыгышат. Курамга Турат Осмонов, Мирлан Түркбай уулу (экөө тең 49 килограмм салмакта рингге чыгат), Азат Усеналиев (52 кг), Өмүрбек Малабеков (56 кг), Медер Мамакеев, Акжол Сулайманбек уулу (экөө тең 60 кг), Эрмек Сакенов (64 кг), Эркин Болотбек уулу (69 кг), Азамат Каныбек уулу (75 кг) жана Сергей Паренко (91 кг) сыяктуу мушкерлер киришти.